Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

18-20-декабрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун биринчи саммитине жана бизнес-форумуна катышты. Сапардын негизги максаты — кыргыз-япон салыктык кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болду.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги Кыргызстан менен Япониянын ортосунда киреше салыгына кош салык салууну жоюу жана салыктан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул макулдашуу өлкөлөрдүн ортосундагы салыктык мамилелерди жөнгө салат, ар бир мамлекетке кирешенин айрым түрүнө салык салуу укугун бекитет жана кош салык салууну жоюу боюнча кепилдиктерди камсыз кылат.

Андан тышкары, макулдашуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жана Кыргызстанга түз инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзөт.

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунда министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюмунун (ДЖЕТРО) төрагасы Ишигуро Норихико Кыргызстандын Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору ("Кыргыз Экспорт") менен ДЖЕТРО ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча иш-аракеттер планын талкуулашты. Бул документ 2024-жылдын 10-августунда Астана шаарында кол коюлган меморандумду ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары, сапардын алкагында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

"Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады.  “Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.