Кыргызстан бир жылда Түштүк Кореядан 2,6 млрд долларга автоунаа импорттоду

Кыргызстан бир жылда Түштүк Кореядан 2,6 млрд долларга автоунаа импорттоду

Кыргызстан Түштүк Кореядан колдонулган автоунааларды эң көп сатып алган өлкө болгонун Yonhap агенттиги билдирди.

Акыркы бир жылда Түштүк Кореядан колдонулган автоунаалар рыногу кескин жанданып, жеткирүүлөрдүн географиясы Евразия өлкөлөрүнө карай олуттуу өзгөргөн. Буга чейин экспорттун негизги багыттарынын катарына кирбеген мамлекеттер колдонулган автоунаалардын ири сатып алуучуларына айланды. Бул маалымат Кореянын Соода, өнөр жай жана ресурстар министрлигинин жана Автоөнөр жай институтунун маалыматтарына таянып берилген.

Ошондой эле январь–октябрь айларында Кыргызстан, Россия жана Казакстан Түштүк Кореядан колдонулган автоунааларды импорттоочу негизги өлкөлөр болгону белгиленет.

Берилген маалыматтарга ылайык, аталган мезгилде Кыргызстан 2,6 млрд долларга автоунаа импорттогон. Россия — 909 млн долларга, ал эми Казакстан — 664 млн долларга колдонулган автоунаа сатып алган.

Агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстанга кымбат автоунаалар да алып келинип кайра Россияга сатылат.

Жалпысынан алганда, январь–ноябрь айларында Түштүк Кореядан колдонулган автоунаалардын экспорту 8,4 млрд доларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 80%га көп (2024-жылы — 4,6 млрд доллар).

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы