Кыргызстанда көмүскө экономика 20%га төмөндөдү
Салык жол-жоболорунун күчөтүлүшү жана санариптештирүү көмүскө экономиканын кыскарышына шарт түзүп, салыктык түшүүлөр боюнча планды ашыгы менен аткарууга мүмкүнчүлүк бергенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов жыл жыйынтыктарына арналган "Ала-Тоо LIVE" программасына берген маегинде билдирди.
"Биринчи багыт боюнча биз салык мыйзамдарын администрациялоону жакшыртуу максатында Салык кодексине бир нече жолу жаңы өзгөртүүлөрдү киргиздик. Айрыкча электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) колдонуудагы ыкмалар кайра каралды. ЭТТН системасы ишмердүүлүктүн үч түрү — тамеки продукциясын чекене сатуу, алкоголдук продукция жана күйүүчү-майлоочу материалдар үчүн гана сакталды, — деп белгиледи Мирлан Рахманов.
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн патенттик салык салуу системасы кеңейтилип, өркүндөтүлдү. Ишкерлерге өздөрү үчүн эң ыңгайлуу салык режимин тандоо укугу берилди. Бул базарларда, кичи базарларда жана майда соода түйүндөрүндө иш жүргүзүүнү кыйла жеңилдеткен.
Ошондой эле жыл башында Мамлекеттик салык кызматынын Борбордук аппаратында ири салык төлөөдөн качуу схемаларын аныктоо менен алектенген аналитикалык топ түзүлдү. Укук коргоо органдары менен биргелешкен иш көмүскө экономика жана коррупциялык көрүнүштөр менен күрөштү күчөтүүгө шарт түздү.
"Эл аралык байкоочулардын баалоосу боюнча, 2020–2021-жылдары Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 40%га жеткен. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 20%га чейин төмөндөдү. Демек, акыркы 3–4 жыл ичинде көмүскө экономиканын көлөмү эки эсеге кыскарып, бизнестин олуттуу бөлүгү мыйзамдуу талаага чыгарылды", — деп кошумчалады Мирлан Рахманов.