Президенттин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын кирешеси быйыл 14 млрд 138 млн сом болду

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу уюмдардын кирешеси быйыл 14 млрд 138 млн сом болду

Президенттин Иш башкармалыгында өткөн аппараттык жыйында 2025-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, ведомстволук уюмдардын кирешелеринин көрсөткүчтөрү каралды. 2020-2025-жылдар аралыгында ведомстволук уюмдардын кирешеси жыл сайын туруктуу өсүп келген.

Тактап айтканда:

  • 2020-жылы — 479,2 миң сом;
  • 2021-жылы — 770,9 миң сом;
  • 2022-жылы — 1 млн 249,0 миң сом;
  • 2023-жылы — 5 млрд 296,7 млн сом,
  • 2024-жылы — 8 млрд 334,7 млн сом;
  • 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча киреше 14 млрд 138,9 млн сомду түздү.
Натыйжада 2025-жылга бекитилген 11 млрд сом өлчөмүндөгү пландык көрсөткүч ашыгы менен аткарылды. Президент мамлекеттик башкарууда санариптештирүүнү кеңири киргизүү, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү милдеттерди койгон.
Президенттин демилгеси жана туруктуу колдоосу менен бул багыттагы иштер ырааттуу ишке ашырылып, 2022-жылдан тартып киреше олуттуу өскөн.

2025-жылдагы көрсөткүчтөргө Иш башкармалыктын карамагына жаңы өткөрүлгөн айрым уюмдардын, анын ичинде "Элкат" ЖЧКнын жана Автотранспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун кирешелери киргизилген эмес.

Аталган уюмдар толук эсепке алынгандан кийин 2026-жылы кирешени 25 млрд сомго чейин жеткирүү милдети коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов,

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Ведомстводон маалымдагандай, аталган көп функционалдуу шаар комплекси Бишкектин Термечиков көчөсү, 16 дарегинде курулууда. Долбоор 2025-жылдын жазында башталып, заманбап архитектуралык жана