Россия ноябрда Кытайга 1 млрд долларга жакын алтын саткан

Россия ноябрда Кытайга 1 млрд долларга жакын алтын саткан

Ноябрь айында Россия Кытайга дээрлик 1 млрд долларлык алтын экспорттогонун Кытай бажысынын маалыматына таянып, "Известия" басылмасы жазды.

Ага ылайык, өткөн айда Россия Кытайга 961 млн долларлык рекорддук көлөмдөгү алтынды саткан, бул эки тараптуу соодадагы эң жогорку көрсөткүч экени айтылды.

Россиядан Кытайга мындай ири көлөмдөгү жүк ташуулар октябрь айынан бери катталып келет, анда Кытайга 930 млн долларлык жүк сатылган.

2024-жылдын ушул эле мезгилинде алтын чыгарылган эмес, ал эми өткөн жылдагы жүк ташуулардын эң жогорку көрсөткүчү 223 млн долларды түзгөн.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Хканалдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб органикалык продукция өндүрүүчүлөргө жер бөлүүгө даяр

МинКаб органикалык продукция өндүрүүчүлөргө жер бөлүүгө даяр

Министрлер кабинети аймактардагы фермерлерге органикалык продукция өстүрүү үчүн жайыт жерлерден 20–30 сотых өлчөмүндөгү жер тилкелерин бөлүп берүүгө даяр. Мындан тышкары, коштоо жана сертификациялоо иштерине кеткен, баасы 20–30 миң долларга жеткен чыгымдарды да өз мойнуна алууга даяр экенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы

ЖК депутаты Нарынга тери иштетүүчү завод куруу маселесин көтөрдү

ЖК депутаты Нарынга тери иштетүүчү завод куруу маселесин көтөрдү

Нарын облусунун тургундары тери иштетүүчү завод куруу өтүнүчү менен кайрылышканын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Таалайбек кызы билдирди. Анын айтымында, облус элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен фермерлер терилерди эмне кыларын билбей — же талаага таштап, же

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

"Zero Plus": Кыргызстан бизнес үчүн мыйзамдарды жарым жылда кайра жазды

Кыргызстанда бизнеске түздөн-түз таасир эткен реформалар сейрек болот. Бийик ураандарсыз, бирок абдан  так натыйжалар: көптөгөн каттоо кагаздарынын саны азайтылды, кабинеттерге баруу азайды, бир уруксат кагазынын ичинде экинчи уруксат кагазды жашыруу азайды. Мында "Зеро Плюс" (Zero Plus) деген атка ээ, лицензиялык-уруксат берүү системасын реформалоонун чоң программасы жөнүндө сөз болууда.

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тартып мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо жана жаңы программалардын киргизилиши башталат Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматы боюнча, арыздар алгачкы каттоо үчүн гана онлайн форматта расмий  avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруу, окутуу аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн