Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Салык кызматы 11 айда 19,4 млрд сомдон ашык акциз салыгын чогултту

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, акциз салыгын чогултуу көрсөткүчтөрү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га өскөн.

Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн акциздик продукциядан 2025-жылдын январь–ноябрь айларында 4 млрд 826,3 млн сом акциз салыгы түшкөн. Анын ичинде алкоголдук продукциядан 3 млрд 448,3 млн сом, алкоголсуз суусундуктардан 1 млрд 297,0 млн сом, мунайзаттан 70,0 млн сом жана тамеки продукциясынан 8,2 млн сом чогултулган.

Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 млрд 666,8 млн сом салык жыйналган. Анын ичинде тамеки продукциясынан 9 млрд 111,7 млн сом, мунайзаттан 3 млрд 670,9 млн сом, алкоголдук продукциядан 653,7 млн сом жана алкоголсуз суусундуктардан 749,2 млн сом түшкөн.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Учурда "Товарларды маркалоо" маалыматтык системасында тамеки продукциясынын 12 импорттоочусу, 34 өндүрүүчүсү жана алкоголдук продукциянын 96 импорттоочусу катталып, маркалоо коддорун алышат.

2025-жылдын 11 айында жалпы 223,7 млн маркалоо коду берилген. Анын ичинен тамеки продукциясына 157,2 млн код, алкоголдук продукцияга 42,6 млн код, жеңил өнөр жай продукциясына 23,7 млн код, бут кийимге 167,9 миң код жана парфюмерияга 3,3 миң код тапшырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Садыр Жапаров Ошто тургундар менен жолугуп, экономикалык көрсөткүчтөрдү атады

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын тургундары жана активи менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына токтолуп, алдыдагы максат-милдеттер тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары экономиканын туруктуу өсүшү камсыздалып, мамлекеттик каржы кыйла бекемделгенин белгиледи. Президенттин айтымында, ички дүң продукт 22,6 млрд доллардан

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда. Мындан тышкары, шаарда эки жаңы

"Соң-Көл балык чарбасы"  3 көлгө  1 млн 800 миң чабак кое берди

"Соң-Көл балык чарбасы" 3 көлгө 1 млн 800 миң чабак кое берди

2026-жылдын 8–9-апрель күндөрү “Соң-Көл балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын жалпы 1 миллион 800 миң даана чабактарын коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин 2025–2026-жылдарга карата бекитилген планынын негизинде өткөрүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары Батай деп аталды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары болгон ак илбирске Батай деген ысым берилгенин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Батай ысымы терең маанини билдирет. “Ба” – “барс” сөзүнөн алынган, күч, эркиндик жана ички кубатты түшүндүрөт. Тумар дал ушул кар барсынын образын жаратат. “Тай” – “таяныч” сөзүнүн кыскартылган түрү. Бул ички өзөк, тең салмак