ЖЭАЭКте экономикалык турктуулуктун артыкчылыктуу багыттары энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздук экени айтылды

ЖЭАЭКте экономикалык турктуулуктун артыкчылыктуу багыттары энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздук экени айтылды

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында 2025-жыл Бирликтин экономикалык туруктуулугун камсыз кылууга, ички рынокту чыңдоого жана кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жетишилгенин айтты.

“Биздин Бирликтин алкагындагы экономикалык кызматташтык жөн гана өнүгүп жаткан жок – ал күч алды. Өз ара соода жүгүртүү дээрлик 100 млрд долларга жетти жана бул жөн гана сандар эмес. Бул – ишенимдин, өз ара колдоонун жана өлкөлөрүбүздүн бири-бирине болгон чыныгы кызыгуусунун көрсөткүчү”, - деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, Бирлик ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогору болорун өзгөчө белгиледи.

“Мүчө-мамлекеттер улуттук деңгээлде чечим кабыл алууда сооданын ачык-айкын, туруктуу жана болжолдуу шарттарын камсыз кылуу зарылдыгын толук эске алышы керектигин маанилүү деп эсептейм”, - деди президент.
Садыр Жапаров Кыргызстандын быйылкы көрсөткүчтөрүнө токтолуп, 11 айдын жыйынтыгы боюнча ИДП 10,2%га өскөнүн билдирди. Мамлекет башчысы өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугунун өз ара байланышкан элементтери катары азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук артыкчылыктуу багыт экенин ырастады.

Бул контекстте Садыр Жапаров агрардык азык-түлүк секторун чыңдоого, калкты коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоого, фермерлерди жана өндүрүүчүлөрдү колдоого, өндүрүштүн заманбап технологияларына инвестиция тартууга мүмкүндүк берүүчү конкреттүү чаралар боюнча макулдашууну сунуштады.

“Биз өнөктөштүк географиясын кеңейтүү жана эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү багытын ырааттуу колдойбуз, аларды ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун натыйжалуу куралы катары карайбыз”, - деди Садыр Жапаров жана Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнеси ушул жылы Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Иран жана Индонезия менен түзүлгөн макулдашуулар ачкан мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдаланат деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы бюджетке 8 млрд 939 млн сом түшүрдү

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы бюджетке 8 млрд 939 млн сом түшүрдү

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык жана бажы төлөмдөр, ошондой эле социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн жалпы көлөмү 8 млрд 939 млн сомду түзгөнүн мекеменин башкы директору Умбриэл Темиралиев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.  Анын айтымында, 2022-жылы бюджетке "Бишкек" ЭЭАсынан акча түшүулөр 4 млрд сомду түзгөн.

11 айда суу пайдалануудан түшкөн каражат 263 млн сомду түздү

11 айда суу пайдалануудан түшкөн каражат 263 млн сомду түздү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул жылдын январь-ноябрь айларындагы ирригация жана таза суу тармагындагы негизги жетишкендиктерди жарыялады. Өлкөдө суу пайдалануу натыйжалуулугу жана дыйкандарга жеткирилген ресурстар көбөйдү. Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы 11 айда өлкө боюнча 5,6 млрд куб метр суу алынган. Сугат суу 404 юридикалык

2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сом болду

2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сом болду

2025-жылга Жол фондунун такталган бюджети 11,4 млрд сомду түзгөнүн Финансы министрлиги 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунда маалымдаган. Фонддун бюджети мурда бекитилген 4,4 млрд сомдон 6,9 млрд сомго көбөйтүлгөн. Жол фондун түзүү жөнүндө мыйзам 2022-жылдын 30-майында кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, фонддун киреше бөлүгү 17

Айыл чарба кооперативдери үчүн 2% жана 10% өлчөмүндөгү салыктык колдоо чаралары

Айыл чарба кооперативдери үчүн 2% жана 10% өлчөмүндөгү салыктык колдоо чаралары

Кыргызстанда айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик колдоолор натыйжа берип, чакан дыйкан чарбалары атаандаштыкка жөндөмдүү ири товар өндүрүүчүлөргө айланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жеңилдетилген кредиттер, лизинг программалары жана салыктык жеңилдиктердин натыйжасында дыйкан чарбалары кооперативдерге биригип, өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, продукциянын сапатын жогорулатууда.