Бюджеттин салыктык кирешелери быйыл 410,5 млрд сом болду
2025-жылы республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 410,5 млрд сомду түзөрү такталган республикалык бюджеттин долбоорунда көрсөтүлгөн.
Салыктарды чогултуу боюнча божомол мурда бекитилген республикалык бюджеттеги баштапкы планга салыштырмалуу 13,8%га, башкача айтканда дээрлик 50 млрд сомго көбөйтүлдү.
Бул өсүштүн эң чоң үлүшүн бажы төлөмдөрүнүн, киреше салыгынын (анын ичинде кен казуучу компаниялардын кирешесине салынган салык), бирдиктүү салыктын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн (негизинен Казакстан жана Россиядан) импорттолгон товарларга салынуучу КНСтин көбөйүшү камсыздайт.