Быйыл 30 жыл ичинде 3 өлкөгө мамлекет башчысынын алгачкы иш сапары болду

Быйыл 30 жыл ичинде 3 өлкөгө мамлекет башчысынын алгачкы иш сапары болду

2025-жылы Кыргызстан тарыхында президент Садыр Жапаров биринчилерден болуп 3 өлкөгө расмий сапар жасаганын ТИМге шилтеме кылуу менен "Кабар" агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы алгач 21-апрелде Бахрейн Падышалыгына барган. Бул өлкө тарыхында кыргыз президенттеринен ичинен Бахрейн Падышалыгына алгачкы расмий сапары болду. Сапардын жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланган.

Андан кийин 24-25 июнда Садыр Жапаров Малайзияга барды. 30 жыл ичинде алгачкы жолу Кыргызстандын президентинин Малайзияга расмий сапары уюштурулду. Анда негизги көңүл соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, санариптештирүү, билим берүү жана адал-индустрия чөйрөсүндө кызматташуу маселелерине бурулду.

4-5-ноябрда кыргыз-египет мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен президент Садыр Жапаров Египетке расмий сапары менен барды.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий диалогду бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык аренада өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Бул сапарларды өткөрүү Кыргызстандын тышкы саясий байланыштарын өнүктүрүүдө жана эл аралык өнөктөштүктүн географиясын кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугуп, аймактын туристтик потенциалын тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Каракол” тоо лыжа базасынын инфраструктурасы менен таанышып, анын өнүгүү келечегин биргелешип карап чыгышты. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү эл