Эски аянттагы жарманке Жаңы жыл алдында эң кызыктуу иш-чарага айланат

Эски аянттагы жарманке Жаңы жыл алдында эң кызыктуу иш-чарага айланат

Буга чейин Бишкектеги эски аянтта– И.Раззаков жана Т.Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде ар жума сайын дем алыш күндөрү жарманке өтүп, анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген фермерлердин продукциясы шаардыктарга арзан сатылып келген. Жаңы жылдын алдында жарманке кеңейтилген график менен — 2025-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин иштейт.

Бишкек шаарында жарманкелерди өткөрүү боюнча куратор — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу секторунун башчысы Искак Анарбековдун айтымында, жарманкеге өлкөнүн бардык аймактарынан 100дөн ашуун фермер катышып жатат.

Аянтта эркин микрофону бар атайын сахна орнотулуп, анда каалоочулар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышат: ырдап, бийлеп, кызыктуу тамашаларды айтып, тематикалык лекцияларды окуй алышат.

"Биз фермерлердин маалымдуулугун жогорулатып, агартуу иштерин жүргүзүп, позитивдүү атмосфера түзүүнү каалайбыз. Ошондуктан чыгармачыл жамааттарды, ансамблдерди, Кыргызстанда жашаган бардык диаспоралардын өкүлдөрүн, ошондой эле өлкөбүздө аккредитацияланган элчиликтерди катышууга чакырабыз", — деди Искак Анарбеков.

Жарманкеде баалар элге жеткиликтүү болот, себеби, продукциялар түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн келет. Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү жума сайын негизги азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Маселен, эттин баасы 600 сомдон, картошканын баасы 40 сомдон, алманын баасы көлөмүнө жана сортуна жараша килограммы 20 сомдон башталат.

Искак Анарбековдун айтымында, соода аянтынын борборуна кайрымдуулук үчүн атайын фермердик бокс орнотулган. Ар ишемби жана жекшемби күндөрү сатуучулар менен сатып алуучулар каалаган азыктарын ошол жерге сала алышат. Жарманкенин соңунда уюштуруучулар аш басып, чогулган азыктар менен кошо социалдык мекемелерге таратышат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы