Салык төлөөчүлөрдүн 26%ы гана Бирдиктүү салык режимине өткөн

Салык төлөөчүлөрдүн 26%ы гана Бирдиктүү салык режимине өткөн

Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Бирдиктүү салыкка өтүү ыктыярдуу экенин, ар бир уюм өзүнө эң ыңгайлуу салык режимин өзү тандай турганын билдирди.

Анын айтымында, экспорт менен алектенген компаниялар жалпы салык режиминде калууну артык көрүшөт.

Ошондой эле Асылкулов экономиканын айрым тармактары этап-этабы менен Бирдиктүү салыкка өтүп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов учурда салык төлөөчүлөрдүн болгону 25–26 пайызы гана Бирдиктүү салык режимине өткөнүн кошумчалады.

"Бул режим абдан пайдалуу болгонуна карабастан, көпчүлүк дагы эле кооптонуп келишет", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички