11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

11 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түштү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды.

Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынын өкүлү Айнура Эргешова билдирди. Маалыматка караганда, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында жетишилди.

Мындан тышкары, КРнын 2025-жылдын 31-июлундагы Мыйзамына ылайык, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Ошондой эле, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө, башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо, салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү, жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү системасы сыяктуу санариптик куралдарды жана онлайн-кызматтарды киргизүү да олуттуу салым кошту.

Мындан тышкары окуңуз

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Азия экономикасына коркунуч жаратууда – АӨБ

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Азия экономикасына коркунуч жаратууда – АӨБ

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Азия жана Тынч океан аймагындагы экономикалык туруктуулукка таасир этүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” отчётунда айтылды. АӨБдүн маалыматына ылайык, геосаясий тобокелчиликтер аймактагы экономикалык өсүшкө негизги коркунучтардын бири болуп калды. Ошол эле учурда аймак экономикасы азырынча туруктуу бойдон калууда. 2025-жылы өсүш 5,4%

Жасалма акча жасоого шектелгендер кармалды

Жасалма акча жасоого шектелгендер кармалды

Трансулуттук кылмыштуу топтун жасалма акча жасоо жана аны сатуу менен алектенген ишмердүүлүгү токтотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бир нече мамлекеттин аймагында жогорку сапаттагы жасалма акчалар даярдалып, андан соң кеңири тармакталган сатуу каналдары аркылуу жайылтылып келген. Контролдук сатып алуу учурунда Ю. М. Ю. жана Т.

Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Жаңы Баткен: 760 гектар аянтта экологиялык шаар курулат

Баткен облусунун узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы Баткен шаарын куруу демилгеси тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталганын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бул багытта Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ортосунда экологиялык шаардын башкы

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

АӨБ: Кыргызстандын экономикасы 2026–2027-жылдары да жогорку өсүштү сактайт

Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 2026-жылы 8,9%, ал эми 2027-жылы 8,4% болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) “Азиянын өнүгүүсүнө сереп — 2026” (Asian Development Outlook 2026) отчётунда айтылды. АӨБдүн маалыматына ылайык, өлкө экономикасы жакынкы жылдары бир аз жайлаганы менен, жогорку өсүш темпин сактап калат. Буга чейинки жылдары