А.Касымалиев: "Кыргызстанда эки жылда 492 миң 300 жумуш оруну түзүлдү"

А.Касымалиев: "Кыргызстанда эки жылда 492 миң 300 жумуш оруну түзүлдү"

Кыргызстанда эки жыл ичинде жумуш орундарынын саны кыйла көбөйгөнүн МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылы 263 миң 100 жумуш орду түзүлсө, ал эми 2025-жылдын 9 айында 229 миң 200 жумушчу орун түзүлгөн. Белгилегендей, мында мамлекет социалдык коргоо чараларын күчөтүүдө.

"Эки жылдын ичинде айрым бюджеттик кызматкерлердин, дарыгерлердин жана орто медициналык кызматкерлердин маянасы жогорулатылды. 2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча орточо эмгек акы 42 миң 919 сомду түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19,2%га өстү. Пенсиялардын өлчөмү дагы көбөйтүлдү. Эң төмөнкү пенсия 7 миң 500 сом, орточо пенсия 11 миң 24 сомду түздү", - деди Касымалиев.

Төрага ошондой эле алыскы райондордогу көп балалуу энелерди жана балдарды колдоо үчүн "Бала береке" жана "Келечек салым" программалары ишке киргендигин белгиледи. Аталган программалардын алкагында 3 миң 100 баланын эсеби ачылып, 548 млн 300 миң сом которулган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда

Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат

Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты. Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугуп, аймактын туристтик потенциалын тааныштырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Каракол” тоо лыжа базасынын инфраструктурасы менен таанышып, анын өнүгүү келечегин биргелешип карап чыгышты. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү эл