Быйыл маданият тармагындагы инфраструктураны жаңылоого бюджеттен 465 млн сом бөлүнгөн

Быйыл маданият тармагындагы инфраструктураны жаңылоого бюджеттен 465 млн сом бөлүнгөн

2025-жылы маданият тармагындагы ири долбоорлор инфраструктураны жаңылоого, маданият жана искусство мекемелерин өнүктүрүүгө, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталганын Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

2025-жылы маданий мекемелердин материалдык-техникалык базасын модернизациялоого бюджеттен 465 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2024-жылы бул максатка 952 млн сом каражат багытталган.

Мындан тышкары, жыл ичинде маданий мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. 2024-жылы бул иштерге 273 млн сом, ал эми 2025-жылы 208 млн сом бөлүнгөн.

Ишке ашырылган жана улантылып жаткан негизги долбоорлордун катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусун куруу — 990 млн сом;
  • М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын куруу — 750 млн сом.

2025-жылы аймактардагы маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Манас шаарында:

  • 3200 орундуу заманбап филармониянын курулушу жүрүп жатат, долбоордун баасы 1 млрд сомду түзөт;
  • заманбап шаардык музейди түзүү иши башталып, ага 250 млн сом каражат багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

Кыргызстанда туризмден түшкөн киреше 1 млрд доллардан ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын туристтик тармагы туруктуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн киреше 1,098 млрд АКШ долларына жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га өстү. Туризм өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеп, жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун өнүгүшүнө салым кошууда. Жыл жыйынтыгында тармактын ички