ЕАЭБ: туризм аркылуу экономикалык кызматташтыкты күчөтүү пландалууда

ЕАЭБ: туризм аркылуу экономикалык кызматташтыкты күчөтүү пландалууда

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык союзунда туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бул концепция тармактын стратегиялык багыттарын, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Союзга мүчө мамлекеттердин ортосундагы туристтик сапарларды көбөйтүү боюнча чараларды аныктайт.

Концепция биргелешкен туристтик продуктуларды түзүүнү, евразиялык маршруттарды өнүктүрүүнү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ички жана тышкы рыноктордо маалымдуулукту жогорулатууну карайт. Ошондой эле Союздун порталында туризм боюнча атайын бөлүмдү ишке киргизүү пландалууда.

Туризм экономикалык өсүштүн жана жумуштуулуктун маанилүү фактору болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк туризм жана саякат кеңешинин маалыматы боюнча, 2024-жылы бул тармак дүйнөлүк ИДПнын болжол менен 10 %ын камсыздап, ар бир онунчу жумуш ордунун булагы болуп калды. ЕАЭБ өлкөлөрүндө туризмдин ИДПдагы үлүшү болжол менен 3 %ды түзөт, бул анын өнүгүү үчүн жогорку потенциалы бар экенин көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын  The New York Times маалымдайт. Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит. Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.