ЕАЭБде курулуш кызматтарынын бирдиктүү рыногу кеңейтилди

ЕАЭБде курулуш кызматтарынын бирдиктүү рыногу кеңейтилди

21-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында курулуш тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун (ККБР) андан ары өнүктүрүүгө багытталган чечимдер кабыл алынды.

Экономика министрлигинен билдиргендей, жыйында курулуш долбоорлорун башкаруу жаатындагы 14 секторду камтыган жана башкы подряддык жана башкы долбоордук иштерди ККБР принциптерине этап-этабы менен өткөрүүнү караган төрт либералдаштыруу планы бекитилди.

Жол карталарынын ишке ашуусу ККБР режимин өнөр жай, коммерциялык, айыл чарба жана турак жай курулуштарына, ошондой эле автомобиль жолдорун, темир жолдорду, энергетикалык жана инфраструктуралык объектилерди курууга жайылтууга мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБ мамлекеттериндеги курулуш компаниялары үчүн кошумча юридикалык жактарды түзүүгө зарылчылыкты жоюп, каттоодон өткөн өлкөдө алынган уруксат берүүчү жана квалификациялык документтер Союздун бардык аймагында өз ара таанылат.

Бул чечим ЕАЭБ өлкөлөрүндө курулуш кызмат көрсөтүүлөрүн интеграциялоо жана рынокту либералдаштыруу процессин мындан ары күчөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын  The New York Times маалымдайт. Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит. Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.