ЕАЭБде жалпы финансы рыногун түзүүнүн негизги ыкмалары бекитилди

ЕАЭБде жалпы финансы рыногун түзүүнүн негизги ыкмалары бекитилди

Евразия экономикалык жогорку кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин жалпы финансы рыногун түзүү жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча негизги ыкмаларды аныктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашты.

Кабыл алынган чечим экономикалык интеграцияны тереңдетүү менен бирге улуттук финансы системаларынын туруктуулугун жана корголушун камсыздоого багытталган.

Чечимдин өзөгүн дифференцияланган жөнгө салуу ыкмасы түзөт. Ага ылайык, ЕАЭБдин эл аралык келишимдеринде каралган талаптар Биримдиктин жалпы рыногунда иш алып барган финансылык уюмдарга колдонулат. Ал эми улуттук рыноктордо гана иш жүргүзгөн катышуучулар үчүн тиешелүү мамлекеттердин ички мыйзамдары күчүндө калат.

Бул ыкма интеграциялык процесстер менен улуттук кызыкчылыктардын ортосунда тең салмактуулукту сактоого мүмкүндүк берип, рыноктун катышуучулары үчүн ачык жана түшүнүктүү эрежелерди түзөт. Натыйжада финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Парижде Эйфел мунарасынын фрагменти 176 миң долларга чейин бааланды

Эйфел мунарасынын оригиналдуу тепкичинин бир бөлүгү Парижде аукционго коюларын  The New York Times маалымдайт. Бул фрагмент мунаранын экинчи деңгээлинен чокуга чыгууга мүмкүндүк берген винт сымал тепкичтин бир бөлүгү болгон. 1983-жылы бул конструкция демонтаждалып, 24 бөлүккө бөлүнгөн, алардын 20сы мурда аукциондордо сатылган деп жазат гезит. Бул бөлүк аукцион үйү тарабынан сатыкка

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

КРнын Турукташтыруу фондунун эсебинен Ош шаарында 10 мектеп салына баштады

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 жаңы орто мектептин курулушу башталды. Бул маанилүү ишчарага жергиликтүү эл, башкаруу бийлигинин өкүлдөр жана Президент Садыр Жапаровдун катышышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Белгилүү болгондой, 10 мектеп Турукташтыруу фондунун эсебинен курулса, мындан тышкары дагы 5 мектеп республикалык

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

УКМК 10 миң доллар алдоого шектелген адвокатты кармады

Атайын кызматтан билдиришкендей, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.нын ишенимине кирип, анын камактагы атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, абактан бошотууга көмөктөшүүнү убада кылган. Бул кызматы үчүн ал 15 миң доллар жана 200 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алган. Бирок жактоочу өзүнө алган милдеттенмелерин

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Ош облусун 15-апрелге чейин кыдырат

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош облусуна барганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Жапаров сапардын алкагында бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.