Зергерчилик тармагында салык ставкасы жүгүртүүнүн 0,25%ын гана түзөт
Зергерчилик тармагына карата мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан жеңилдиктер постсоветтик өлкөлөрдүн биринде да жок экенин Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекетке зергерчилик тармагында иш алып барган 47 гана өндүрүүчү расмий түрдө белгилүү, ал эми алардын көпчүлүгү көмүскө экономикада иштеп жатат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору зергерлер үчүн коңшу мамлекеттерде жок болгон бир катар жеңилдиктерди карайт.
"Жалпысынан зергерчилик тармагы үчүн салык ставкасы жүгүртүүнүн болгону 0,25%ын гана түзөт", — деп белгиледи МСКнын төрагасы.
Ал кошумчалагандай, бул чараларды ишке ашыруу:
- зергерчилик тармагын легалдаштырууга,
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө,
- эмгек миграциясынын деңгээлин төмөндөтүүгө,
- калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга оң таасирин тийгизет.
Шыкмаматов зергерчилик тармагы чоң потенциалга ээ экенин белгилеп, мамлекеттик колдоонун негизинде ал алдыдагы беш жылдын ичинде туруктуу өнүгүүгө жетише аларын баса белгиледи.