Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоого 6 млн. 791,9 млн сом бөлүнөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба өсүмдүктөрүн спутниктен картографиялоо кызматтарын сатып алуу жана адистерди окутуу боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, бул максатка 6 миллион 791,9 миң сом бөлүү пландалган. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын кабыл алуу мөөнөтү — 2025-жылдын 31-декабрына чейин.
Долбоордун максаты — айыл чарба жерлерин ыкчам мониторинг кылуунун заманбап тутумун түзүү. Бул эгин айдоо боюнча маалыматтардын тактыгын жогорулатууга, өсүмдүктөрдүн абалын баалоого, түшүмдүүлүктү болжолдоого жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинде башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Аткаруучу республика аймагындагы айыл чарба жерлерин камтыган көп спектрдүү спутниктик сүрөттөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

Буга чейин Кыргызстанда айыл чарбасына спутниктик технологиялар киргизилип жатканы, алардын негизинде беш айыл чарба өсүмдүгү боюнча мониторинг жүргүзүлгөнү маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты. Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал тилкесине түшкөн кар көчкү тазаланып, бир тараптуу каттам ачылганын "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда №24 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо иштери улантылып, жолду эки тараптуу ачуу аракети көрүлүүдө. Ишке 3 даана жүктөгүч унаа, 2 грейдер, 1 Howo унаасы жана 12 киши

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты

Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды. Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17