Акыркы 4 жылда КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүүсү 18%га жогорулады
КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедевдин айтымында, акыркы төрт жылда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соодасы 18%га жогорулаган.
Берилген маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын ортосуна карата КМШ өлкөлөрүнүн топтолгон өз ара инвестициялары рекорддук деңгээлге — 41,6 млрд долларга жеткен.
"Ири инвестор катары объективдүү түрдө региондогу эң ири экономика катары Россия чыгууда. Ал эми инвестиция агымынын эң олуттуу өсүшү Борбор Азияга, өзгөчө Казакстан менен Өзбекстанга жылды", — деп түшүндүрдү Башкы катчы.
Ал ошондой эле өнөр жайда, агроөнөр жай комплексинде жана экономиканын башка тармактарында кызматташтык жакшы жыйынтыктарды берип жатканын кошумчалады.
"Энергетикада, транспортто жана байланыш тармактарында, башкача айтканда, чек ара аралык өз ара аракеттенүү өзгөчө маанилүү болгон тармактарда кызматташтык алардын үзгүлтүксүз иштешин жана транзиттик потенциалдын кеңири пайдаланылышын камсыз кылат", — деп жыйынтыктады Лебедев.