Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

Бир жылдын ичинде 291 социалдык объект пайдаланууга берилди

2025-жылы республикалык бюджеттен социалдык-маданий багыттагы объекттердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөөсү үчүн жалпы 15,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул 2024-жылдагы 11,6 млрд сомго салыштырмалуу 33,6 пайызга көп.

Мындай билдирүүнү Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, 2025-жылы Курулуш министрлиги менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан өлкө аймагында 291 социалдык объект курулуп же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Мындан тышкары, 183 чакан объектте иштер толук аяктады. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 20,96 пайызга жогору.

291 объектинин аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

Жалал-Абад облусу – 80,
Ош облусу – 63,
Ысык-Көл облусу – 39,
Чүй облусу – 34,
Баткен облусу – 22,
Нарын облусу – 21,
Бишкек шаары – 13,
Ош шаары – 10,
Талас облусу – 9.

Алардын ичинде: мектептер – 129, бала бакчалар – 60, саламаттык сактоо объекттери – 26, спорт объекттери – 27, маданият объекттери – 8, башка объекттер – 34, таза суу системалары – 7.

Аткарылган иштер социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен