Казакстандыктар үчүн декларацияларды салык органы өзү толтурмакчы болду

Казакстандыктар үчүн декларацияларды салык органы өзү толтурмакчы болду

Казакстанда КНС боюнча салык отчеттуулугунун формасын алдын ала толтуруу боюнча пилоттук сервис ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Tengrinews.kz Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетине шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 300.00 формасы боюнча отчет мамлекеттик кирешелер органдарынын маалыматтык системасындагы маалыматтардын негизинде - эсеп-фактуралар, салык төлөөчүнүн жеке эсеби жана товарларга карата декларациялар менен толтурулат.

Бул маалыматтардын негизинде система декларациянын 13 сабын автоматтык түрдө толтурат. Зарыл болгон учурда бул көрсөткүчтөрдү кол менен оңдоп, суммаларды көбөйтүүгө же азайтууга болот.

“Сервис КНС боюнча салык отчеттуулугун туура толтурууга алдын ала маалымат берүү жана жардам көрсөтүү үчүн иштелип чыкты. Анын мүмкүнчүлүктөрү салык суммаларын алдын ала билүүгө, катачылыктардын санын азайтууга жана камералдык көзөмөл боюнча билдирүүлөрдү алуу же айып пул салуу сыяктуу терс кесепеттердин алдын алууга шарт түзөт”, — деп билдиришкен Мамлекеттик кирешелер комитетинен.

Сервисти Казакстандыктар 2025-жылдын 4-кварталы үчүн отчет тапшыруу учурунан баштап колдонуп көрсө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен