Кыргызстанда 4-5 жылдан соң сугат суу көйгөйү болбойт
Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суу маселесин көтөргөн делегатка жооп берип жатып өлкө боюнча 106 сууну суткалык жөнгө салуу бассейндери курулуп жатканын ортого салды.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2-3 жыл мурда коюлган тапшырма боюнча, элдин муктаждыктарына жараша кезек-кезеги менен объекттер салынып жатат.
“Азыр 11-объект бүтүрүлдү. Дагы10 объект курулуп жатат. Мунун баарын бир жылда жасап бүтүрө албайбыз. 4-5 жылда толугу менен бүтүрүп алсак, сугат суу маселеси болбойт. Союз мезгилинде гана курулган суу бассейндери менен эле келе жатканбыз”, - деди өлкө башчысы.