МИК келечекте айылдарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруп баштайт
Келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания айыл жерлеринде да турак жай курууну баштарын Элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, учурда негизги курулуш иштери Ош жана Бишкек шаарларында жүргүзүлүүдө. Андан кийин 33 кичи шаарда, райондук борборлордо, ал эми кийинчерээк айылдарда курулуш башталат.
"Айыл жерлеринде аймактын сейсмикалык өзгөчөлүгүнө жараша 3–5 кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш иштерин 2030-жылга карата баштоону пландап жатабыз", — деди Садыр Жапаров.