МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2026-2027-жылдарга карата бюджеттик өзгөртүүлөрдү бекитти

МинКаб 2025-жылдын 15-декабрындагы №810 токтому менен 2025-жылга республикалык бюджетке жана 2026–2027-жылдарга карата пландуу мезгилге өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде парламенттин кароосуна киргизилет.

2025-жылга бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү

  • Кирешелер:  605,5 млрд сом
  • Чыгашалар: 590,1 млрд сом
  • Сальдо (айырма): 15,4 млрд сом

Бул көрсөткүч мурда каралган 24 млрд 297 млн 867 миң сомдун ордуна такталган.

Турукташтыруу фонду

2025-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүү булактарына 89 млрд 094 млн 401,8 миң сом (89,1 млрд сом) которуу каралган.

Капиталдык салымдар

2025-жылга карата капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 51,7 млрд сом деп аныкталды, анын ичинде:

  • 23 млрд сом — артыкчылыктуу объекттерге:
    • социалдык объекттер,
    • ичүүчү суу,
    • ирригация,
    • жолдор,
    • коопсуздук,
    • стратегиялык объекттер;
  • 28,7 млрд сом — коммерциялык банктарда депозит катары жайгаштырылуучу мамлекеттик облигацияларды чыгаруу эсебинен.

Мындан тышкары, 5-беренедеги өзүнчө сумма 1 млрд 500 миң сомдон 1 млрд 200 миң сомго чейин кыскартылды.

Бишкек шаары боюнча

Бишкек шаарына билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондунун чыгымдарынын бир бөлүгүн жабуу үчүн 3 млрд сом өлчөмүндө максаттуу трансферттер каралган.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы