Өлкөдө 500 кВ электр линиясын куруу үчүн 67,7 млн евро инвестиция тартылат

Өлкөдө 500 кВ электр линиясын куруу үчүн 67,7 млн евро инвестиция тартылат

Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында "Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосундагы 500 кВ электр өткөрүү линиясы курууга байланыштуу стратегиялык долбоор каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Долбоорду энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов тааныштырды. Анын маалыматына ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен түзүлгөн макулдашуунун жалпы суммасы 67,7 млн евро түзөт:
  • 61,7 млн евро — кредит (20 жылдык мөөнөткө, 5 жылдык жеңилдетилген мезгил, жылдык пайыз 1%);
  • 3 млн евро — грант;
  • 3 млн евро — техникалык жардам катары берилүүчү грант.

Жыйында депутаттар бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү. Депутат Кундузбек Сулайманов курулуштун бүткөн мөөнөтүн тактады. Баяндамачы иштер 2028-жылдын аягына чейин бүтүрүлөрүн билдирди. Депутат Гуля Кожокулова калктын электр энергиясына болгон чектөөлөрдөн кабатыр экенин белгиледи. Министрдин орун басары Кыргызстан алдыдагы 3 жылда энергетикалык кризистен толук чыгарын убада кылды. Депутат Темирлан Айтиев кредиттик келишимдеги Euribor рыноктук пайыздык ченинин шарттарына кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, бул долбоор өлкөнүн түндүк аймагын электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен