Быйыл 10 айда агробъектилерге салынган инвестицияларды өздөштүрүү 13,9%га өстү

Быйыл 10 айда агробъектилерге салынган инвестицияларды өздөштүрүү 13,9%га өстү

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында айыл чарба, токой чарбачылыгы жана балык чарбачылыгы объектилеринин курулушунда негизги капиталга салынган инвестицияларды өздөштүрүүнүн көлөмү 13,9%га өстү.

Маалыматта белгиленгендей, долбоорлорду каржылоо негизинен республикалык бюджеттин, чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдын, чет өлкөлүк кредиттердин, ошондой эле калктын каражаттарынын жана Кыргызстандын резиденттеринин кайрымдуулук жардамдарынын эсебинен камсыздалган. Бул булактар жалпы каржылоонун 95,8%ын түздү.

Ошол эле учурда, пайдалуу кендерди казып алуу объектилеринин курулушунда негизги капиталга салынган инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли 1,6 эсеге төмөндөдү. Бул багыттагы каржылоонун негизги булактары катары ишканалардын жана уюмдардын өз каражаттары, чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле түз чет өлкөлүк инвестициялар саналат — алардын үлүшү 99,3%ды түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы