Садыр Жапаров Бишкекте тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү заводго барды

Садыр Жапаров Бишкекте тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүрүүчү заводго барды

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан, катуу тиричилик калдыктарын (ТБО) утилдештирүү жана алардын эсебинен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун ишке киришине катышты.

Президент долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 95 млн долларды түзөрүн, заводду куруу үчүн 12 гектар жер бөлүнгөнүн жана каржылоо толугу менен инвестор тарабынан камсыздалганын билдирди. Ал ошондой эле буга чейин катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке киргизүү аракеттери болгонун эске салды. 2020-жылга чейин 22 млн евро тартылган, анын ичинен 16 млн евро максатсыз пайдаланылып, курулуш такыр башталган эмес. Калган 6 млн евро эсептерде сакталып, инвесторлорго кайтарылган. Ал эми 16 млн еврону, президенттин айтымында, учурда Бишкек шаарынын мэриясы төлөп жатат.

Долбоордун параметрлери

  • Концессиялык мөөнөт: 35 жыл, андан кийин завод мамлекетке өткөрүлүп берилет;
  • Калдыктарды кайра иштетүү көлөмү: жылына 365 миң тоннага чейин;
  • Электр станциясынын кубаттуулугу: 30 МВт;
  • Баштапкы режим: суткасына 1000 тоннага чейин таштанды, андан ары кубаттуулук этап-этабы менен жогорулатылат.

Мамлекет башчысы долбоор ийгиликтүү ишке ашса, ушундай эле ишканаларды Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында куруу пландалып жатканын айтты. Учурда бул багытта инвестициялык келишимдерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест" ЖЧКсынын башкы директору Дай Даону долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйлады.

Өлкө башчысына таштандыларды кабыл алуу жана түшүрүү, термикалык кайра иштетүү участогу, борбордук башкаруу пункту, ошондой эле шлак жана күлдү курулуш материалдарына айландыруу линиясы камтылган толук технологиялык цикл көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда президент полигондун айланасындагы турак жай массивдеринин тургундары менен жолугушуп, алар заводдун ишке кириши менен түтүндүн, антисанитариянын жана таштандылардын айлана-чөйрөгө таралышынын азайганын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы