Ошто 1,9732 гектар жер аэропорттун аймагын кеңейтүү үчүн трансформацияланды

Ошто 1,9732 гектар жер аэропорттун аймагын кеңейтүү үчүн трансформацияланды

МинКаб 2025-жылдын 12-декабрындагы № 806 токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Манас айыл аймагында жайгашкан, аянты 1,9732 гектар болгон жер тилкеси "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өткөрүлдү

Документке ылайык, аталган жер тилкеси сугат айдоо жерлерине кирет жана № 87 (0,35 га), № 92 (0,495 га), № 143 (0,0782 га), № 132 (1,05 га) контурларда жайгашкан.

Бул чечим "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын Ош филиалынын аймагын кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

  • жер-кадастрдык эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • участок боюнча шаар куруу документациясын иштеп чыгуу жана бекитүү (шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын, ошондой эле КРнын "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен);
  • жер тилкесин максаттуу багытта пайдаланууну камсыз кылуу;
  • санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык талаптарды сактоо;
  • жаан-чачын жана кар сууларын коопсуз агызуу тутумун уюштуруу, сейсмикага каршы чараларды жана кооптуу процесстерди мониторинг кылуу талаптарын эске алуу;
  • тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда алардын сакталышын камсыз кылуу;
  • жер аянтын калыбына келтирүү: аз өндүрүмдүү жерлерди талдап чыгып, аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы