ЕАЭБде каботаждык жүк ташуулар программасы 2026-жылы иштей баштайт

ЕАЭБде каботаждык жүк ташуулар программасы 2026-жылы иштей баштайт

ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн каботаждык (жээк бойлой) жүк ташуулар программасы 2026-жылы толук кандуу иштей баштарын Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев2025-жыл жыйынтыкталып жатып билдирди.

Буга улай ал транспорт тармагындагы жетишкендиктерге токтолду. Анын айтымында, транспорт тармагында санариптештирүү иштери уланып жатат. Жүктөрдү коопсуз бекитүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу башталды. Электрондук эл аралык жүк ташуу коштомо кагаздарын (e-CMR) колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Навигациялык пломбаларды колдонууга киргизүү үчүн зарыл болгон иш-чаралар аткарылды.

Транспорт каражаттарынын уруксат берилген салмактары, октук жүктөмдөрү жана габариттери тууралуу макулдашууга кол коюлуп, ратификацияга жөнөтүлдү.

Интеллектуалдык транспорттук системаларды өнүктүрүү боюнча жол картасы кабыл алынып, анын алкагында негизги сервистердин тизмеси аныкталган концепция макулдашылды.

"Бештик" өлкөлөрүнүн үчүнчү мамлекеттер менен биргеликте ишке ашыра турган инфраструктуралык долбоорлордун пулун түзүү боюнча чечим даярдалды.

Энергетика тармагындагы негизги жетишкендиктердин бири катары ЕАЭБде электр энергиясы менен соода жүргүзүүгө кошулуу тууралуу келишимдин формасы иштелип чыкты. Ал кабыл алынгандан кийин электр энергиясы рыногунун технологиялык жана маалыматтык платформасын даярдоо иштери башталат.

Мындан тышкары, мунай, газ жана мунай продуктулары боюнча үч жылдык индикативдик баланстар иштелип чыкты.

Ошондой эле жалпы газ рыногун өнүктүрүү планы даярдалды. Мунай тармагында болсо соода жүргүзүүнүн жана биржалык сооданын эрежелеринин долбоорлору иштелип чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен