Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Кыргызстан быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал айткандай, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын өндүрүлгөн.

"Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. Көбөйтүлгөндөн кийинки көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.

Министр Терексай кенин иштетип жаткан компания кубаттуулугун жогорулатып, 1 тоннадан жогору алтын өндүрө баштаганын билдирген. Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын барын, экөөндө тең фабрика куруу пландалып жатканын айткан.

Машиевдин белгилешинче, өлкөдө жалпы эсептөөлөр боюнча алтындын кору болжол менен 1000 тоннага жакын. Анын басымдуусу Кумтөрдө. 2024-жылы геологиялык чалгындоо ишинин натыйжасында кендеги алтындын кору 147 тоннага көбөйгөн. Кумтөргө жакын Тоголок кенинин эсебинен алтын кору дагы 180–200 тоннага көбөйүшү мүмкүн.

Кумтөргө берилген бул кенде учурда чалгындоо иштери аяктап калганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен Тоголоктогу алтын кору дагы 2 тоннага көбөйгөн. Министр учурда бул кенде экологиялык экспертиза иштери жүрүп жатканын, келерки жылы фабрика куруу иштери башталарын кошумчалаган.

Машиевдин маалыматында, мамлекеттик комиссия өлкөдөгү күмүштүн корун 1200 тонна, жездикин 12 000 тонна, көмүрдүкүн 1,8 миллиард тонна деп аныктаган.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы