Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Кыргызстан келерки жылдарда алтын өндүрүүнү 35 тоннага чейин жеткирет

Кыргызстан быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал айткандай, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын өндүрүлгөн.

"Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. Көбөйтүлгөндөн кийинки көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.

Министр Терексай кенин иштетип жаткан компания кубаттуулугун жогорулатып, 1 тоннадан жогору алтын өндүрө баштаганын билдирген. Чаарат жана Үңкүрташ кендеринде 100 тоннадай алтын барын, экөөндө тең фабрика куруу пландалып жатканын айткан.

Машиевдин белгилешинче, өлкөдө жалпы эсептөөлөр боюнча алтындын кору болжол менен 1000 тоннага жакын. Анын басымдуусу Кумтөрдө. 2024-жылы геологиялык чалгындоо ишинин натыйжасында кендеги алтындын кору 147 тоннага көбөйгөн. Кумтөргө жакын Тоголок кенинин эсебинен алтын кору дагы 180–200 тоннага көбөйүшү мүмкүн.

Кумтөргө берилген бул кенде учурда чалгындоо иштери аяктап калганы маалым болду. Анын жыйынтыгы менен Тоголоктогу алтын кору дагы 2 тоннага көбөйгөн. Министр учурда бул кенде экологиялык экспертиза иштери жүрүп жатканын, келерки жылы фабрика куруу иштери башталарын кошумчалаган.

Машиевдин маалыматында, мамлекеттик комиссия өлкөдөгү күмүштүн корун 1200 тонна, жездикин 12 000 тонна, көмүрдүкүн 1,8 миллиард тонна деп аныктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер

Ишкер Media
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media