Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген.
Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча документтердин негизинде жүргүзүлгөн.
Пенсия маселелери боюнча суроо жаралса, маалымат алуу үчүн 1202 кыска номерине кайрылууга сунушталууда.