Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу жана салык милдеттенмелеринен качуу схемаларын уюштурган адамдарды аныктоого басым жасоо.

Жарлыкта салыктык башкарууну өркүндөтүү боюнча бир катар иш-чаралар каралган, анын ичинде:
• ак ниет эмес салык төлөөчүлөрдүн реестрин түзүү,
• жалган электрондук эсеп-фактураларды пайдалангандыгы жана бизнести башканын атына каттагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө,
• бизнести иш жүзүндө башкарган адамдарды жоопкерчиликке тартуу чаралары бар.
• өз атына юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди каттоого ыктыярдуу түрдө тыюу салууга мүмкүндүк берген “өзүнө-өзү тыюу салуу” механизмин киргизүү,
• ишеним каттарды жана квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонууга көзөмөлдү күчөтүү,
• салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын мындан ары санариптештирүү.

Ошондой эле ишкерлерди укук коргоо органдарынын алардын финансылык-чарбалык ишине негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоого өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыш иштерине карата прокурордук көзөмөлдү жана ведомстволор аралык контролду күчөтүү белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кече Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.   Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер

Ишкер Media
BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media