Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Талас районунун Жанкороз айылында минералдык суу чыгарган завод ишке кирди

Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан "Беш-Таш–Кайыңды" минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өткөнүн Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү министрлиги билдирди.

Аталган долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза минералдык суу менен камсыздоого багытталган. Ошондой эле ишкананын ишке кириши менен жаңы жумуш орундарын түзүлөт.

Кичи завод заманбап технологиялар жана эл аралык стандарттарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө минералдык суу чыгаруу кубаттуулугуна ээ. Өндүрүш процесси сапатты көзөмөлдөөнүн бардык талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

"Беш-Таш–Кайыңды" минералдык суу чыгаруучу кичи заводунун ишке берилиши Талас облусунун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17

Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Бишкекте Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМКдан билдиришти. Алар "спортобщак" деп аталган топтун өкүлдөрү Д.Ж. жана Р.у.А. аттуу жарандар болгон. Алар 15 жыл бою коркутуу жолу менен "Дордой" соода комплексинен жүк ташыган айдоочулардан жана ар бир жүктөн акча

Бишкекте жашоо минимуму былтыр  8 984 сомду түздү

Бишкекте жашоо минимуму былтыр 8 984 сомду түздү

Бишкек шаарында акыркы 5 жылда жашоо минимуму 169,4%га жогорулаганын мэриянын коллегия жыйынында вице-мэр Мирланбек Байгончоков билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы бир адамга эсептелген жашоо минимуму 8 миң 984,12 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 10%га жогору. 2026-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түзүп, 2020-жылга

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды. Анын жүрүшүндө өлкөнү транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана КРдин транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды. Президенттин басма сөз кызматынан маалымдаганына караганда, Садыр Жапаров