Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту бруцеллёзго каршы иш-чараларды күчөтөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту ылаңына каршы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, профилактикалык чараларды ишке ашырып жатат.
Институт тарабынан бруцеллёздун алдын алуу жана жайылышын чектөө максатында мал чарба субъекттерине, ошондой эле ветеринардык адистерге арналган илимий-негизделген сунуштамалар үзгүлтүксүз берилип келет.
Лабораториялык изилдөөлөр заманбап ыкмалардын негизинде жүргүзүлүп, ылаңды эрте аныктоого жана натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк түзөт.
Бруцеллёз ылаңын чарбаларда азайтуу, малдын жана калктын саламаттыгын коргоо максатында чарба ээлери жана кызыкдар тараптар Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтуна кайрылса болот.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы өлкөдө эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана ветеринария тармагын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди мындан ары да уланта берет.