Кыргыз-казак чек арасында 44,2 тонна картошка Россияга кайтарылды

Кыргыз-казак чек арасында 44,2 тонна картошка Россияга кайтарылды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы участокто карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербеген картошканын партиясы аныкталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 7-январында "Ак-Тилек" өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан "Тутумдаш постунда" химизация, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда көлөмү 44,2 тоннаны түзгөн картошканын партиясына милдеттүү фитосанитардык сертификат жок экенин аныкташкан. Бул продукция жогорку фитосанитардык тобокелдикке кирет.

Министрликте такташкандай, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 3.7-пунктуна ылайык, жүк жөнөтүүчү тарапка кайтарылган.

Ошондой эле ведомстводо айыл чарба продукциясын өлкөгө ташып келүүдө фитосанитардык талаптардын сакталышына көзөмөл кадимки тартипте улантылып жатканын кошумчалашты.

Мындан тышкары окуңуз

Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык кызматы жарандардын арыз-даттанууларын расмий кароо үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл экенин эскертет. Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн: * жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу); * электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу); * оозеки түрдө — жеке кабыл алууда. Мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алып, маңызы боюнча карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Акыркы жылдары өлкөдө 936 социалдык объект пайдаланууга берилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ал Бишкек шаарындагы Курулуш министрлигине караштуу Республикалык курулушту сертификациялоо борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышып, министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө жана көчмө курулуш лабораторияларына арналган унааларды көрүп чыкты.

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда

Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда "Электр станциялар" ААКсына караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты модернизациялоо иштери жүрүп жатат. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аяктады, ал эми №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери башталды. Адистер

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Бишкек мэриясы транспорттук каражаттарды сатуу аукционун жарыялады

Муниципалдык мүлк  башкармалыгы Бишкек шаарынын мэриясына таандык транспорттук каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, 77 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 13-мартында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 246 дарегинде башталат. Арыздар 2026-жылдын 9-мартына чейин кабыл алынат. "Ачык аукционго катышуу үчүн талапкерлер Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин, өздүгүн тастыктаган