Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык органдарынын туура эмес аракеттери боюнча кантип, кайда арызданса болот?

Салык кызматы жарандардын арыз-даттанууларын расмий кароо үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл экенин эскертет.

Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн:

  • жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);
  • электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);
  • оозеки түрдө — жеке кабыл алууда.

Мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алып, маңызы боюнча карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө (адатта 14 күндөн 30 күнгө чейин) жооп берүүгө милдеттүү.

Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

  • мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн аталышы;
  • кайрылуучунун фамилиясы, аты-жөнү;
  • байланыш телефону;
  • жашаган дареги.

Жарандардын кайрылуусу боюнча салыктык чараларды көрүү үчүн мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу документтер менен тастыкталган маалыматтар берилиши зарыл, анын ичинде:

  • салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты-жөнү;
  • идентификациялык салык номери (ИНН);
  • экономикалык иш жүргүзгөн дареги;
  • салык мыйзамдарын бузган конкреттүү фактылар.
Салык кызматы белгилегендей, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган же анонимдүү кайрылуулар каралбай калышы мүмкүн. Даттануу негиздүү болушу шарт. Зарыл учурда ага көрсөтүлгөн фактыларды тастыктаган документтер жана башка материалдар тиркелет.

Эске алуучу жагдай: так маалыматтар жана далилдер камтылбаган кайрылууларды кароодон баш тартуу укугу бар. Кайрылуу же даттанууну электрондук түрдө жөнөтүү үчүн өзүңүздүн районуңуз боюнча электрондук почта дарегин колдонсоңуз болот. Даректердин тизмеси расмий сайтта көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча даттанууларды кабыл алуу үчүн ишеним телефону иштейт: 0312 62 11 13.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.