Малды жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары кандай?

Малды жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары кандай?

Малды жасалма уруктандыруу көптөгөн артыкчылыктарга ээ болуп, учурда заманбап мал чарбачылыгында кеңири колдонулуп жатканы жана анын негизги артыкчылыктары тууралуу Суу, айыл чарба министрлиги маалымат таратты.

Эң мыкты асыл тукум букалардын уругун колдонуу малдын генетикалык сапаттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Туура тандалган урук сүт берүү, эт өндүрүмдүүлүк жана тукум берүү көрсөткүчтөрүн жогорулатат.

Жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алат.
Урук ветеринардык көзөмөлдөн өткөндүктөн, коопсуз болуп эсептелет.
Буканын өзүн багуу зарылдыгы жок болгондуктан тоютка, жайга жана тейлөөгө кеткен чыгымдар кыскарат.

Уруктандыруу убактысы так аныкталат, тукум алуу процесси толук көзөмөлдө болот. Бир буканын уругу миңдеген ургаачы малды уруктандырууга жетиштүү. Бул асыл тукум иштерин кеңири масштабда жүргүзүүгө шарт түзөт. Урук атайын шарттарда тоңдурулуп, узак убакыт сапатын жоготпой сакталат жана каалаган жерге жеткирилет.

Уруктун келип чыгышы жана сапаты тууралуу маалыматтардын негизинде тукумду жакшыртуу илимий негизде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстанда ишкерлерге 3 ай лицензиясыз бизнес жүргүзүүгө уруксат берилет

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы ишканалар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорун негизги жана акыркы окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдө "лицензиясыз бизнес жүргүзүү" укуктук режими киргизилет. Бул механизм ишкерлерге өз ишин баштоодо үч айга чейинки өткөөл жана ыңгайлашуу мөөнөтүн берүү максатын көздөйт.

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

Караколдо жаш дарыгерлерге ипотекага батирлерди берүү тапшырмасы берилди

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу облустук оорукананын жаш дарыгерлерин турак жай менен камсыз кылууну тапшырды. Белгилей кетсек, минкаб башчысы облуска болгон сапары учурунда Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүн көрүп, жабдуулар, бейтаптарды дарылоо шарттары менен таанышты. Ошондой эле оорукананын 350

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

Зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр алтынды мамлекеттен 2% арзан ала алышат

МинКаб торагасы Адылбек Касымалиев "Ата мекендик зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомго кол койду. Жаңы документке ылайык, жергиликтүү зергер компаниялары үчүн баалуу металлдардын сатуу баасы London Bullion Market Association тарабынан аныкталган дүйнөлүк көрсөткүч — LBMA фиксингине байланыштырылат. Бирок ага 2%дык арзандатуу колдонулат. Бул чечим

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында