CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

CASA-1000 долбоору кайсы баскычта экени тууралуу координатор айтып берди

Тажикстан менен Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга даяр экенин "Биринчи радио" эфиринде долбоорду ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан аймагынан 456 чакырым электр берүү линиясы (ЛЭП) өтөт. Ал Датка подстанциясынан (Жалал-Абад облусу) башталып, Ош облусу жана Баткен облусу аркылуу өтөт. Ал эми Тажикстан аймагында линиянын узундугу 29 чакырымды түзөт.

2025-жылдын март айында Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров Сугд — Датка электр берүү линиясы (500 киловольт) ишке киришине старт беришкен. Бул линия эки өлкөнүн энергетикалык системаларын байланыштырган.

Молдокеримовдун айтымында, Афганистан аймагындагы электр линиясы азырынча толук бүтө элек. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин иштер убактылуу токтотулган.

"Талибан бийликке келгенден кийин донорлор ишти токтотушкан. Бирок 2025-жылдын июль айында иштер кайра жанданып, азыр активдүү жүрүп жатат. Эң татаал тилке Афганистанда жайгашкан. Ал жерде подрядчылар индиялык компаниялар. Ошентип, Кыргызстан менен Тажикстан долбоорду ишке ашырууга даяр, биз Афганистан тараптагы иштердин бүтүшүн гана күтүп жатабыз", — деди Азим Молдокеримов.
CASA-1000 — Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык системаларын бириктирген регионалдык долбоор. Ал Кыргызстан менен Тажикстандан ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясын Афганистан жана Пакистанга экспорттоону карайт.

Долбоор 2016-жылы башталган жана жаңы энергетикалык инфраструктураны куруу аркылуу 1 300 мегаватт ашыкча электр энергиясын Борбордук Азиядан Түштүк Азиядагы электр энергиясына болгон суроо-талап жогору өлкөлөргө жеткирүүнү максат кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media