Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады.

Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат:

  • жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек;
  • түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл;
  • төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер каралат: массажист (сертификаты болушу шарт), ашпозчу жана пляждык куткаруучу.

Маектешүүгө катышуу Түркияда мейманкана тейлөө тармагында мыйзамдуу жана уюшкан түрдө ишке орношуу үчүн тандоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кызматтар толугу менен акысыз көрсөтүлөрүн кошумчалады. Талапкерлерден ортомчулук кызматтар үчүн эч кандай акы алынбайт.

Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт, кошумча же жашыруун төлөмдөр каралган эмес. Каттоодон өткөн талапкерлер түрк иш берүүчүлөрү тарабынан тандалып алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп бир килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп бир килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Акыркы жылдарда мурда чет өлкөлөрдөн экспорттолуп, өлкө ичинде кымбат баада сатылып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап агротехнологиялар менен өндүргөн фермер, дыйкандар көбөйө баштаганы кубандырат. Бул биринчиден, ички рыноктогу импортук товарларды азайтууга салым кошсо, экинчиден, фермер жакшы киреше табуу менен бирге кыргызстандыктардын тамак-аш рационун байытат.  Бул сапар бизге Кыргызстанда жашыл спаржаны

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттерди Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуусун колдоо максатында "Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты" программасы ишке киргизилгенин Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги билдирди. Конкурска Кыргызстандын жарандары да катышып, 2026–2027 окуу жылына билим ала алышат. Окуу Азербайжандын жогорку кесиптик

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Жарандарды өз убагында маалымдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандар үчүн карыздарды акысыз онлайн текшерүү порталы иштеп жатканын маалымдайт. Бул портал аркылуу ар бир жаран өзүнүн карызы жөнүндө алдын ала маалымат ала алат, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун фамилиясын, атын, байланыш маалыматтарын жана чектөөлөрдү

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жупаровдун сунушу боюнча, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жогорку Кеңештин депутаттары бул кызматка сунушталган Алмаз Бакетаевдин  талапкерлигин эч кандай суроо же сунуш киргизбестен,