Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын тоо-кен тармагында инвестициялар, геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү багыттарында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Айрыкча, 2024-2025-жылдары жаңы долбоорлор ишке кирип, запастар мамлекеттик баланска кошулду.

2024-жылы "Кумтөр" кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында алтындын запасы 147,4 тоннага көбөйдү. Бул өндүрүш мөөнөтүн узартып, кендин туруктуу иштешине шарт түздү.

2025-жылы Кумтөрдүн калдык сактоочу жайында алтын (121 тонна) жана күмүш (225 тонна) запастары мамлекеттик баланска киргизилди. Долбоор 17 жылга эсептелген.

Ошондой эле Солтон-Сары кенинин Бучук участогунда алтын ылгоочу фабрика пилоттук режимде иштей баштады. Көмүр тармагында да активдүүлүк өсүп, 2025-жылдын башынан бери 34 лицензиялык келишим берилди.

Бул чаралар ички рынокту камсыздоого жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрүн "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" президенти Канат Эшатов Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган. "Салыктар жана акциздер баалардын 25%

Жогорку Кеңеш комитети  28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш комитети 28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ менен өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстанды колдоо тууралуу гранттык макулдашууну үч окууда тең жактырды. Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү үчүн 28,2 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт.

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат. Республиканын суу объектилеринде

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болууда

Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын  Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Амар