"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болду

"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болду

Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын  Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Амар Султанов билдирди.

Анын айтымында, 2022-2025-жылдардар ичиндеги алакалар көңул жылытаарлык болгон эмес.  

“Бир эле мисал Кыргызпатенттин ошол кездеги жетекчиси Рахат Керимбаева 2023-жылы өзүнүн Швейцариядагы кесиптеши менен жолугушуу сурады, бирок кат түрүндө Швейцария тарап  жолугушуудан расмий баш тартты. Себебин Кыргыз-Швейцар банкынын “Швейцар” деген сөзүн алып салынышы керектиги менен түшүндүрүшкөн. Ушул сөз алынып салынмайынча Швейцариянын мамлекеттик органдары Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен жоулугушууларга бара албайт деп билдиришкен. Көрсө бул окуя 2013-жылы банк түзүлгөндөн бери эле уланып келе жатыптыр“- дейт  Амар Султанов.

Элчинин мында жообуна депутат Жылдыз Садырбаева нааразы болуп, эмне үчүн 10 жылдан бери Кыргыз-швейцария деген аталышты кыргызстандык тийиштүү органдар өзгөртүп койбой жүрүшкөндүгү, Швейцария сыяктуу үлгүлүү өлкө менен алакага кедергисин тийгизген 1 сөздү айтып, сынга алды.

Өз кезегинде элчи Кыргызпатент менен Улуттук банк бул көйгөйдү “проблема катары санабайт” деп билдирди. Айтымында элчиликтин өкүлдөр 10 ирет аталган банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн, бирок майнап чыккан эмес.

Анткени менен элчинин эки өлкөнүн ортосунда алака жакшы эмес, деген пикирине ТИМ министринин орун басары Кайрат Турсункулов кошулган жок. Анын айтымында  2 тараптуу кызматташтык токтоп калган жок.

“Соода алакалар жүрүп жатат. Болгону карым катнашты жогорулата албай жатабыз. Акыркы жылдары гана интелектуалдык менчиктин алкагында маселе болгон, азыр мындай маселе жок”- деп белгиледи министрдин орун басары.

Ушундан улам, ЖКтин депутаттары мындан кийин өлкөлөр ортосундагы байланышка кайсыл бир банктын “диктовать” эткени болбошуна көңүл бурууну сунушташты.

💡
"КСБ Коммерциялык Банкы" ЖАК - 2013-жылы өзүнүн тарыхын швейцариялык инвестор-"Петрам Финанс" компаниясы менен баштап, 2014-жылдын 23-январында кайра ЖАК "Кыргыз-Швейцария банкы" болуп катталган. Анын ишмердүүлүгү банкротко учураган ААК “Кыргыздыйканбанкты” калыбына келтирүү максатында башталган. Кийин, 2023-жылы банктын акционерлери тарабынан банктын аталышы "КСБ Коммерциялык банкы" ЖАК деп өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media