Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды

Балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл чабагына 1-апрелден 15-майга чейин, майда балыктарга 1-майдан 1-июлуна, ал эми каңылтыр балыгына 15-майдан 15-июлга чейин электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат.

Республиканын суу объектилеринде болсо, чоң балыктарга - 5-майдан 20-июнга, майда балыктарга - 15-апрелден 5-июнга, дарыя маринкасына –15-майдан 1-июлга чейин тыюу салынат.

Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга османга –1-июндан 15-июлга чейин, амударыя форелине –15-октябрдан 15-декабрга, ысык-көл форелине –1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Эл артисти Улукмырза Полотов каза болду

Эл артисти, опера ырчысы Улукмырза Полотов 83 жашында каза болду. Бул тууралууэстрада ырчысы Сыймык бейшекеев билдирди. Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган. Фрунзедеги Искусство институтун аяктаган соң Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти катары таанылган.  1994–жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы

Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Кыргыз-өзбек өнөр жай өнөктөштүгү чыңдалууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Өзбекстандын ири өнөр жай комплекстеринин бири саналган технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө күбө болду. Жолугушууларда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк

Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен 7,8 млн сомго ээлик кылган жаран кармалды

Алдамчылык жолу менен 7,8 миллион сомго ээ болуп, SIM-карталарды активдештирүүчү жана дропперликке шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин юасма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Д.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, белгисиз адамдар WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып,

Анкарада Кыргызстандын курулуш долбоорлору тааныштырылды

Анкарада Кыргызстандын курулуш долбоорлору тааныштырылды

Анкарада өтүп жаткан “Түркиянын курулуш саммити – 2026” эл аралык форумунда Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация катышууда. Министрликтин маалыматына ылайык, саммит курулуш тармагын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган