Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылганын Ленин райондук соту билдирди.

Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп таап, Алтынбек Абдуваповго 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң сом айып пул салды. Экөөнө тең белгилүү кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.

Мындан тышкары, экс-чиновниктер атайын наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды. Камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өлкөдөн чыкпоо тууралуу кол тамгага алмаштырылды.

Иштин дагы бир фигуранты Т.А. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 330 миң сом айып пул салынды. Ага карата баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калтырылды.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрында УКМК салык кызматындагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарга байланыштуу коррупциялык схема мамлекетке 3,2 млрд сом зыян келтиргенин билдирген. 2025-жылдын июль айында экс-башчынын 55 млн долларлык мүлкү аныкталганы маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы