Алкоголь жана тамеки товарларын ташууда жаңы пломба системасы киргизилет

Алкоголь жана тамеки товарларын ташууда жаңы пломба системасы киргизилет

11-февралдан тартып Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйындан билдирилди.

Иш-чарага Салык кызматынын жана Бажы кызматынын өкүлдөрү, Экономика министрлиги, ошондой эле бизнес коомчулугу катышты. Жыйындын жүрүшүндө бизнеске ЕАЭБдин талаптарына ылайык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери түшүндүрүлдү.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталуусун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүү жана бизнеске болгон жүктү азайтуу экенин белгиледи.

Мындан ары Салык кызматы окуу иш-чараларын өткөрүп, пломбаларды колдонуу боюнча методикалык жардам көрсөтөт. Навигациялык пломбалар автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь, тамеки жана тамеки буюмдарына колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан сооданы 200 млн долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткирүүпландалууда. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, палатанын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жолугушууда тараптар кыргыз-пакистан кызматташтыгында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, соңку мезгилде айыл чарба тармагында илимий изилдөөлөр жана жаңы сортторду сыноо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрликтин билдиришинче, цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү Түркиядан алынып келип, учурда Баткен облусунда сыноодон өткөрүлүүдө. Бул долбоор келечекте

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Жарандардын арыз жана кайрылуулары расмий кароого алынышы үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу. Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн: жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу); электрондук түрдө

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат

Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти. Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке