Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Салык кызматы: Кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүңүздөр

Жарандардын арыз жана кайрылуулары расмий кароого алынышы үчүн аларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.

Кайрылуулар төмөнкү тартипте берилиши мүмкүн:

жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);
электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);
оозеки түрдө – жеке кабыл алууда.

Мамлекеттик орган түшкөн кайрылууларды милдеттүү түрдө каттоого алып, мыйзамга ылайык карап чыгып, белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө тийиш. Адатта кайрылуулар 14 күндөн 30 күнгө чейин каралат.

Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:

мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн толук аталышы;
арыз ээсинин толук аты-жөнү;
байланыш телефону;
жашаган дареги.

Ал эми жарандардын кайрылуусу боюнча салыктык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кошумча төмөнкү маалыматтар талап кылынат:

салык төлөөчүнүн толук аты-жөнү;
идентификациялык салык номери (ИНН);
экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн дареги;
салык мыйзамдарын бузуу боюнча конкреттүү фактылар.

Белгиленген маалыматтар камтылбаган же анонимдүү кайрылуулар кароого алынбай калышы мүмкүн. Даттануу негиздүү болуп, зарыл учурда аны тастыктаган документтер тиркелиши керек.

Салык кызматы так маалыматтарды жана далилдерди камтыбаган кайрылууларды кароодон баш тартууга укуктуу экенин эскертет.

Кайрылууларды электрондук түрдө sti.gov.kg дареги аркылуу жөнөтүүгө болот. Мындан тышкары, жарандар 0312 62 11 13 телефону аркылуу да кайрыла алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен