Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Баткенде цитрус, Нарында жаңы буудай сорттору сыноодон өтүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, соңку мезгилде айыл чарба тармагында илимий изилдөөлөр жана жаңы сортторду сыноо боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдиришинче, цитрус өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү Түркиядан алынып келип, учурда Баткен облусунда сыноодон өткөрүлүүдө. Бул долбоор келечекте жергиликтүү климатка ылайыкташкан жаңы мөмө-жемиш сортторун өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөрдү жайылтуу максатында Ат-Башы районунда 100 гектар аянтка чычырканак жана карагат көчөттөрү отургузулду. Бул демилге суу ресурстары жетишсиз болгон шартта да туруктуу түшүм алууга багытталган.

Мындан тышкары, Нарын районунда “Стекловидная-24” күздүк буудай сортунун биринчи репродукциясы себилди. Адистердин айтымында, бул сорт жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан жана жогорку түшүмдүүлүккө ээ.

Министрлик ошондой эле Россиянын илимий борборлору менен жаңы буудай сортторун адаптациялоо жана жергиликтүү шарттарда тестирлөө боюнча кызматташтык уланып жатканын маалымдады. Бул иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнө инновациялык жана эффективдүү технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Министрликтин белгилешинче, жүргүзүлүп жаткан илимий жана инновациялык иштер айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жергиликтүү сорттордун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Мындай долбоорлор келечекте фермерлерге заманбап жана туруктуу айыл чарба практикаларын колдонууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен