Асман шаарынын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында инвесторлорго тааныштырылды
Асмана экологиялык шаарынын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында тааныштырылганын Улуттук инвестициялар агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык делегация Shanghai Minhou Xuyi Business компаниясы уюштурган эл аралык бизнес-форумга катышып, потенциалдуу өнөктөштөргө өлкөдөгү инвестициялык климат тууралуу маалымат берди. Диалогдун негизги темалары катары санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана шаар курууда заманбап технологияларды киргизүү маселелери каралды.
Тараптар ниеттерди талкуулоодон практикалык кадамдарга өтүп, бир катар документтерге кол коюшту. Ведомствонун маалыматына караганда, кол коюлган макулдашуулар биргелешкен инвестициялык долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.