Эски таштанды полигонундагы "таштанды тоосу" быйыл тазаланат
Жогорку Кеңештин "Мекенчил" жана "Ата Журт" депутаттык топторунун көчмө жыйынында депутат Алишер Козуев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге эски таштанды полигонундагы таштанды тоосунун тагдыры тууралуу суроо узатты.
Депутат бул маселеге олуттуу көңүл буруу керектигин белгилеп, таштанды полигону мезгил-мезгили менен күйүп, шамал аркылуу таштандынын бөлүкчөлөрү коңшу калктуу конуштарга тарап, жалпы абанын булганышына алып келип жатканын айтты.
Депутат Шаирбек Ташиев таштандыларды топурактан бөлүп алып, катуу тиричилик таштандыларын жаңы таштанды иштетүүчү заводго утилдештирүүгө өткөрүп берүүнү сунуштады.
Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев таштанды полигону 50 жылдан бери иштеп келе жатканын эске салып, рекультивация жүргүзүлөбү деген суроону көтөрдү.
Мэр Айбек Жунушалиев рекультивация тууралуу азырынча сөз жок экенин билдирди. Анын айтымында, мэриянын максаты — эски полигондогу таштанды тоосун толук жок кылуу.
"Жакын арада жаңы таштанды иштетүүчү заводдун жетекчилиги келип, бул маселе боюнча өз пландарын жана сунуштарын тааныштырат. Полигон толугу менен жоголот. Мындай мүмкүнчүлүк бар. 2026-жылы иштерди баштайбыз. Бардык технологиялык процесстерди кылдат изилдеп чыгышыбыз керек", — деди мэр.